Балдар үчүн деп үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту актоо — аялдардын жаңылыштыгы

“Кара кыздын агынан эмес, багынан” - ушул кепти бала кезде көп угар элем.  Антсе да, анын түпкү маанисин секелек кыз  кайдан түшүнсүн?  Күзгүдөн өзүмдүн келбетиме ыраазы болбой “апа, мени сулуу кылып эле төрөбөйт белеңиз?!”, -  деп апама доомат койчу кезим эсимде.

Ошол учурда  “сен супсулуусуң” деген жообуна канааттанбай таарынганымда, байкуш апап кантип түшүндүрүп, кантип актанарын билбей, ыңгайсыз абалда калчу экен. Азыр өзүм эне болгон соң, балачактагы жоруктарымды эстеп, ары күлкүм келсе, ары ачуум келет.

Жибек – мөлтүрөгөн, татынакай кыз эле. Анын сулуулугуна көптөгөн адам суктанчу. Анысы аз келгенсип акылдуу, тыкан, бардык нерсеге кылдат мамиле кылган иштүү кыз болгон.

Жибек медициналык академияны аяктаган соң, жаңыдан жумуш издеп баштаганда Бакытка жолугат. Эки жаш бирин бири дароо жактырып, кийин сүйлөшүп жүрүп, үйлөнөлү деген чечимге келишет. Ал кезде алардын бактысында чек жок эле.

Жибек жумушка орношту, андан көп узабай  эне болду…

Арадан жылдар өттү. Ал ортодо 3 кыздуу болушту. Башка үй-бүлөлөр сыяктуу үйлүү да болушту. Кийинки учурда Жибек жакшылык-жамандыкка өзү жалгыз келчү болду. Бакытты сураган учурда анын жумуштан бошобогондугу тууралуу жооп берчү.

“Кыңыр иш кырк жылда билинет” демекчи, бир нече жылдан бери Бакыттын ичкиликке берилип, Жибекке кол көтөрүп жүргөнү жакындарына маалым болду. “Үй-бүлөнү бузбайлы” деген туугандар да көп кийлигише берчү эмес. Бирок Бакыттын Жибекке болгон ырайымсыз мамилеси балдарга өттү.

Таш боор арактын айынан балдардын денесинде да көк ала тактар пайда боло баштады. Жибек буга чыдабай, түйүнчөгүн түйдү да балдары менен кошо үйдөн чыгып кетти. Жыл айланбай, Бакыттын өлүмү тууралуу суук кабар келди…

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жылдан жылга көбөйүп келет. Бириккен улуттар уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда ар жылы аялдар жана кыздарга карата 3,5 миңден ашуун өлтүрүү, денеге жаракат кылуу жана зордуктоо сыяктуу кылмыш иштери катталат.

Улуттук статистика комитети тастыктагандай 2,5 миңден ашуун катталган иштердин ичинен, учурда болгону 204 кылмыш иши козголгон жана сотко өткөрүлгөн. 2073 иш укук коргоо органдары тарабынан “административдик укук бузуу” деп табылган.

Жыл сайын 2 миңге жакын аял  “Сезим” кризистик борборуна кайрыларын борбордун  жетекчиси Бубусара Рыскулова тастыктады. Анын айтымында кайрылгандардын 65 пайызы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган.

Мындай тагдырга көптөгөн аялзаты кабылат. Бирок “эл эмне дейт?” деген кулчулукка айландырган суроо өзү озуп чыга албай турган аңга алып барып таштайт.

Ушундай оор абалда калып, күн көрбөй келген келиндерибизге айткым келет: “Балдар үчүн чыдап жашап жүрөм” десеңиз, жаңылышасыз. Сиздин ур-токмоккмо кабылып чыдап жашаганыңыз – балдарыңыздын канчалык деңгээлде жабыркап атканы жөнүндө кабардар болбогонуңуз.

Балдар энесинин дайыма бактылуу болуп жүрүшүн эңсейт. Анын ордуна сөгүш жеп, зордукка кабылган энесин көрүү — наристе үчүн жылдар бою айыкпас, келечегине чоң залакасын тийгизген оор дарт.

Мен үй-бүлөнүн бузулушун үгүттөбөйм, үй-бүлө мен үчүн өтө ыйык нерсе, кээде ажырашуулардын болор-болбос себебин угуп, ичим ачышат. Бирок, ичкилик менен дайыма кайталанып турчу зордук-зомбулук — ажырашуу үчүн эң негизги жана жалгыз себеп болушу керек деп эсептейм.

Асель СООРОНБАЕВА.

 

 

Leave a Reply

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>